Карындаш (Little Sister)

TitleКарындаш (Little Sister)
ArtistБегиш (Begish), Баястан (Bayastan) & G-VOO
AlbumZamanbap
Release Date2016-02-22
Description?
Lyrics(Баястан)
Биздин ортобузда аралык
Сенин сүйүүң жаш балалык
Биз экөөбүз бакыт табалы
Бул өмүрдө түгөй болуп калалы

Менден сен бир топ эле жашсың
Карындашым акпасынчы жашың
Ар дайым жылмайып көздөр уялсын
Болдумго бир өзүңө мен ашык
Сени теңеп жана аккан таңыма
Жүргүм келет алып өз кучагыма
Жакындап сен орун алчы жаныма
Өзүң менен түшөм бала чагыма

Сүйлөсөң кулак сүйүнөт
Жагымдуу чыккан үнүндөн
Көп чыкпайсын сен үйүңдөн
Көрүп калсам мен сүйүнөм

(Кайырма: Омар)
Сезим менен ойнодун, эч койбодун...
(Сезим менен ойнодун, эч койбодун...)
Алып өз кучагыма, кысам жаныма...
Сени сүйөмүн... Өзуңо ашыгам
Карабайм жашыңа...
Сүйүүнүн тазасын, түбөлүк арнасын...
Сени сүйөмүн, сени сүйөмүн

(Бегиш)
Таанышып көп күндөр өтөт
Калды карындаш жүрөктө
Сактап калдым эсимде мен
Сан жеткис жылуу мүнөттөр

Тазалык сени айланат
Тазарат бассан айлана
Жанында жүргөн адамдар
Тартылып сага байланат
You might also likeМен дагы сени жактырам
Биз ойлонуп көрөлү жакшылап
Бил мен дагы сени жактырам
Жазылдынбы сен бактыма

Билсең жок сенде айып
Ар дайым жүргүн жылмайып
Эркемсин күнүм айым дейм
Колдосун сени кудайым

(Кайырма: Омар)
Сезим менен ойнодун, эч койбодун...
(Сезим менен ойнодун, эч койбодун...)
Алып өз кучагыма, кысам жаныма...
Сени сүйөмүн... Өзуңо ашыгам
Карабайм жашыңа...
Сүйүүнүн тазасын, түбөлүк арнасын...
Сени сүйөмүн, сени сүйөмүн